Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Оппозициянын курултайы мөөнөтсүз деп жарыяланышы мүмкүн


Бектур Асанов

Бектур Асанов

"Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун 11-апрелде Жалал-Абад шаарында өтө турган курултайы мөөнөтсүз деп жарыяланышы мүмкүн. Ошондой эле уюм мурдагы талаптарын “Атамбаев кетсин!” деген чакырыкка алмаштырууну талкуулап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” оппозиция лидерлеринин бири Бектур Асанов билдирди:

- Кечээ Ошто болгон окуядан соң туш-туштан биздин тарапкерлерибиз байланышып, курултайды мөөнөтсүз жарыялоону жана Алмазбек Атамбаевди кызматтан кетирүү талабын коюуну сунуштап жатат. Бул маселенин үстүндө ойлонуп жатабыз,- дейт Асанов.

Оппозициянын айтымында, 9-апрель күнү кечинде алар Ош шаарында конокто отурган үйгө белгисиз кишилер бастырып кирип, кол салган жана Бектур Асанов, Улукбек Маматаев менен Кубанычбек Кадыровду белгисиз жакка алып кетишкен.

Бирок кийинчерээк алар такси менен Жалал-Абадга кеткени маалым болгон.

Оппозиция 11-апрелде Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында курултай өткөрөрү, анда Кумтөр, энергетика жана Бажы биримдигине кирүүгө шашпоо боюнча маселе каралары мурда кабарланган.

Милиция оппозиционерлердин окуясы боюнча бүгүн комментарий берери айтылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG