Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

“Манас” аэропортунун кызматкерлери нааразылык акциясына чыкты


"Манас" аэропортунун имараты
"Манас" аэропортунун имараты

“Манас” аэропортунун кызматкерлери айлык акыны көтөрүү талабы менен бүгүн митингге чыгышты. Көпчүлүгү техникалык кызматкерлер. Акциянын атын атоону каалабаган катышуучусу “Азаттыкка” билдиргендей, алардын наарызылыгына мекеме жетекчисинин жардамчысы Адылбек Садыковдун маянасы тууралуу кабар интернетке чыкканы себеп болгон.

Жакында Адылбек Садыков бир айда 160 миң сом айлык алат деген маалымат тараган. Кызматкерлер болсо кээде маянасын убагында ала албай калышарын айтып, эмне үчүн жетекчиликке мынчалык көп акча төлөнөрүнө нааразы болууда.

Адылбек Садыков анын айлыгына байланыштуу интернетке жалган маалымат чыкканын “Азаттыкка” билдирип, колуна 24 000 сом маяна тиерин айтты.

Бүгүн митингге чыккан кызматкерлер менен жетекчилик жолугуп, жакын арада айлык маселеси атайын жыйында каралары айтылгандан соң тарап кетишти. (SE)

XS
SM
MD
LG