Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Бажы биримдиги боюнча маселелерди тейлеген жетекчи кызматтан кетти


Экономика министринин орун басары Данил Ибраев кызматтан кетти. Аны иштен алуу тууралуу буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Данил Ибраев Кыргызстандын Бажы биримдигине (Евразия экономикалык биримдиги) кирүү жараянына байланыштуу маселелерди тейлеп келген. Бир нече жолу бул боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргызстандык делегацияны жетектеген.

Премьер-министрдин буйругунда ал башка ишке өткөнүнө байланыштуу кетип жатканы жазылган.

"Азаттык" Ибраевдин өзү менен байланышканда ал азыр Астанада жүргөнүн, отставкасы тууралуу азырынча эч нерсе айта албасын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG