Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

УКМК: "Бир дүйнө" боюнча буюмдар прокуратурага өткөрүлүп берилди


"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесин тинтүү учурунда алынган буюмдардын баары УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин тапшырмасы менен Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

27-мартта УКМК "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүп, ноутбук, флеш-карта, диктофон, дисктерди алып кеткен. Муну атайын кызмат шек жараткан америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган.

Бирок 28-мартта Умар Фарук кылмышка тиешеси жок экенин сот аныктаган.

"Бир дүйнө Кыргызстан" уюму тинтүү учурунда УКМК кызматкерлеринин мыйзам бузууларына байланыштуу адвокаттык материалдар да алынып кеткенин кабарлаган.

9-апрелде уюм өкүлү Хусанбай Салиевге Улуттук коопсуздук комитети басым көрсөтүлүп жатканы, 6 жана 8-апрелде анын атасы менен бир тууганын УКМК бөлүмүнө суракка чакырышканы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG