Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Чек арада мыйзам бузган өзбек жарандары кармалды


Аксы районундагы чек арага жакын аймактарга коюлган белгилер
Аксы районундагы чек арага жакын аймактарга коюлган белгилер

Чүйдүн Панфилов районунун аймагында 9-апрель күнү кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстанга кирген эки киши колго түштү. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандар Кыргызстандын жарандары экени аныкталды.

Ошол эле күнү Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Өзөк айылында чек арачылар мыйзамсыз жол менен Кыргызстанга кирген эки өзбек жаранын кармаганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Алар эч кандай документсиз жашыруун жол менен өтүүгө аракет кылган.

Ошондой эле Оштун Араван районунда кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык аял да колго түштү.

Кармалгандар тартип коргоо органдарына өткөрүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG