Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Милиция оппозиционерлердин окуясын териштирүүдө


Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрүнө кол салуу болгону тууралуу маалыматты Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, 9-апрель күнү кечинде оппозиционерлер конокто отурган үйдө жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок күч кызматкерлери айтылган дарекке барганда эч кандай тополоңдун изи байкалган эмес:

- Алиев көчөсүндөгү 106-үйдө ызы-чуу болуп жатканы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн соң ыкчам иликтөө тобу жетип барган. Ал үй Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровго таандык экени аныкталды. Эч кандай тополоңдун изи жок экенине карабай атайын экспертиза дайындалды,- дейт Сыдыков.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Бектур Асанов, Улукбек Маматаев жана Кубанычбек Кадыров 9-апрелде кечинде Ош шаарында конокто отурган үйгө белгисиз кишилер бастырып кирип, кол салышканы, аларды белгисиз жакка алып кетишкени кабарланган. Кийинчерээк алар такси менен Жалал-Абадга кеткени маалым болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG