Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Зулпукаровдун мандатын алуу талабы менен пикет өттү


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Жогорку Кеңештин алдына “Шок-факт” деген аталыштагы пикетке чыкты. Ал парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдон депутаттык мандатын тапшырууну талап кылууда. Ошондой эле активист депутаттын 18 жыл мурунку кыз зордуктоого катышы бар экендигин көз карандысыз комиссия аркылуу тыкыр иликтөөнү суранып жатат.

“Искра” гезити жаңы санында парламенттин вице-спикери Зулпукаров 1997-жылы милиция кызматкери болуп иштеп турган кезде мас абалында үч таанышы менен кыз зордуктоо боюнча айыпталып, кылмыш иш козголгонун жазып чыккан эле. Зулпукаров гезиттин бул маалыматын шайлоо алдындагы каралоо деп билдирген. (SE\MiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG