Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

РИИБ: “Кыргызмунайгаздан” мунай уурдалганы аныкталды


Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасына таандык мунай өткөрүүчү куурлардан жер алдына орнотулган кошумча түтүк аркылуу мунай уурдалганы аныкталды. Мындай жерлер Момбеков айыл аймагынан табылганын “Азаттыкка” Ноокен райондук Ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, уурулукка 350 метрге жакын 32 диаметрлүү түтүк колдонулган. Бул факт боюнча кылмыш иш козголду.

Бирок “Кыргызмунайгаздын” бөлүм башчысы Медетбек Нарбаев жоготуу болбогонун жана уурулук катталбаганын айтууда.

Ишкананын жылдык баяндамасында 2014-жылы “Кыргызмунайгаз” пландалган көрсөткүчтү 3 миң тоннага аз аткарганы көрсөтүлгөн. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG