Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

"Лабрис" Бишкектеги кеңсесине кол салуу болгонун билдирди


"Лабрис" кеңсесине ыргытылган бөтөлкөдөн чыккан жалын. Сүрөт видоедон кесилип алынган.
"Лабрис" кеңсесине ыргытылган бөтөлкөдөн чыккан жалын. Сүрөт видоедон кесилип алынган.

Сексуалдык азчылыктардын (ЛГБТ) укугун коргогон “Лабрис” уюму кеңсесине кол салуу болгонун айтууда. Уюм бүгүн тараткан билдирүүдө окуя 3-апрелде болгону, кеңсеге жардырууга ылайыктап колдо жасалган үч бөтөлкөнү белгисиз бирөөлөр ыргытып кеткени айтылат. Бөтөлкөнү эки киши ыргытканы видеокөзөмөл тасмасына жазылып калган. Уюмдун өкүлдөрү бул алгачкы кол салуу эмес экенин, буга чейин да активисттерге ар кандай коркутуулар болгонун айтып жатышат.

- Ыргытылган бөтөлкөнүн экөөнөн от чыккан. Бирок кеңсеге зыян келген эмес. Буга чейин милиция тарабынан да кодулоо болгондуктан күч органдарына арыз жазган жокпуз, - деп айтылат “Лабрис” тараткан билдирүүдө.

Алар БУУну Адам укуктары боюнча адистерине кайрылмакчы.

Кыргызстанда ЛГБТ өкүлдөрүнө карата ар кандай зомбулук болуп жатканын укук коргоочулар байма-бай белгилеп келишет. Жогорку Кеңеште гей-үгүттөөгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам даярдалган. Азырынча кабыл алына элек. Бул мыйзам бир катар эл аралык уюмдардын, Европа биримдигинин нааразылыгын жараткан. (SE)

XS
SM
MD
LG