Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:03

Бишкекте жардыруу жөнүндө жалган кабар тараткан жаран кармалды


Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына 6-апрель күнү телефон чалып, “Манас” аэропортуна жардыргыч зат коюлганы жөнүндө жалган кабар берген адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди. 7-апрель күнү колго түшкөн жаран Бишкек шаарынын тургуну, 36 жашта.

Телефон чалуудан улам ыкчам топ түзүлүп, аэропорттун аймагы текшерилген, бирок жардыргыч зат табылган эмес. Колго түшкөн шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси – “Террордук акт тууралуу жалган маалымат таратуу” боюнча кылмыш иш козголду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG