Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Капарова: Оппозицияга кол салгандардын унаа номурларын алып калгам


Үй ээси алып калган номурлар

Үй ээси алып калган номурлар

Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрүнө кол салуу болгону айтылып жаткан үйдүн ээси Элвира Капарова бастырып келгендердин унаа номурларын алып калганын айтууда. Бул тууралуу бүгүн ал өзү “Азаттыкка” билдирди.

- Бир топ киши үйүмө бастырып кирип, оппозиция өкүлдөрүнө басым көрсөткөнү чын. Мен алардын унаа номурларын чечип алгам. Бирок эч кимиси менден аны кайра берүүнү талап кылган жок,- дейт Капарова.

“Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон үйгө барганда “Ак-Буура” милиция бөлүмчөсүнүн өкүлдөрү келип, номурлар аларга таандык экенин айтып, кайра берүүнү суранып жатканына, бирок Капарова көнбөгөнүнө күбө болгон.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Бектур Асанов, Улукбек Маматаев жана Кубанычбек Кадыров 9-апрелде кечинде Ош шаарынын Алиев көчөсүндөгү 106-үйдө конокто отурган кезде белгисиз бирөөлөр бастырып кирип келип кол салганын, аларды белгисиз жакка алып кетишкенин оппозиция кабарланган болчу. Кийинчерээк алар такси менен Жалал-Абадга кеткени маалым болгон. Оппозиционерлер топтолгон үй Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровго таандык экени аныкталган.

Милиция окуя иликтенип жатканын, азырынча аларга кол салуу тастыкталган эместигин айтууда. (YI\SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG