Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө ал “Азаттыкка” билдирди. Отставкасына “Кумтөр” боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен позициясы дал келбей калганы себеп болгонун айтты.

- Парламентте 9-апрель күнкү жыйында Жоомарт Оторбаевдин айткандарын угуп, ал киши менен менин көз карашым дал келбей турганын сездим. Ошондуктан кызматтан кетүү жөнүндө арыз жаздым. Менин позициям боюнча Кумтөр маселесин чет элдиктер эмес, кыргызстандыктар чечиши керек, - деди Токон Мамытов.

8-апрелде “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине жети чет өлкөлүк жаран өкмөт башчы тарабынан сунушталган. Мамытов ага каршы экенин билдирген болчу.

"Кыргызалтын" ишканасына жетекчи болуп Токон Мамытов былтыр июнда дайындалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG