Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримов бүгүн төртүнчү ирет президенттик тактыга отурду. Инаугурация парламенттин имаратында өттү, ага бир да чет өлкөнүн башчысы келген жок. Иш-чарага Конституциялык соттун жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү жана Ташкентте иштеген чет мамлекеттердин элчилери катышты.
Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 29-марттагы шайлоодо 77 жаштагы Каримов 90 пайыз добуш менен жеңишке ээ болгон.
Шайлоого көз салган аз сандагы эл аралык уюмдар атаандаштык болбогонун айтып, сындап чыгышкан. (RK)