Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Орусияда кыргыз жараны 15 жылга камалды


Москва облустук соту кыргызстандык Байзак Тилековду 15 жылга эркинен ажыратты. Жаза мөөнөтү катаал көзөмөлдө өтөрүн облустук соттун расмий сайты кабарлады. Ал жергиликтүү айымдын өлүмүнө шектелип, камакка алынган.

Соттогу материалдарга ылайык, Тилеков 6-март күнү Мытищи конушунда 28 жаштагы Галина Никитинанын сумкасын уурдаганга аракет жасаган. Никитина каршылык көрсөткөн учурда ага бычак сайып өлтүргөн.

Үч жумадан соң маркумдун күйөөсү да өзүн өзү өлтүргөн. (Atu\SE)

XS
SM
MD
LG