Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Президент Земан Москвадагы Жеңиш парадына катышпайт


Орусия президенти В. Путин (оңдон биринчи) жана Чехия президенти М. Земан союздаш күчтөрдүн Нормандияга түшүүсүнүн 70 жылдыгына арналган салтанатта. Франция. 6-июнь, 2014
Орусия президенти В. Путин (оңдон биринчи) жана Чехия президенти М. Земан союздаш күчтөрдүн Нормандияга түшүүсүнүн 70 жылдыгына арналган салтанатта. Франция. 6-июнь, 2014

Чехиянын президенти 9-майда Москвада болот, бирок гитлердик Германияны жеңүүнүн 70 жылдыгына карта өткөрүлчү парадга катышпайт. 10-апрелде президенттин өкүлү маалымдагандай, Милош Земан 9-майдагы парад ордуна Словакиянын премьер-министри Роберт Фико менен жолугушат.

Земандын Евробиримдиктин саналуу гана лидерлеринин катарында Москвадагы Жеңиш салтанатына баруу мерчеми саясый чөйрөлөрдө, анын ичинде АКШ элчиси тарабынан сынга алынган эле.

Евробиримдиктин лидерлери Орусиянын Украинадагы жаңжалдагы ролуна байланыштуу Жеңиш парадына бойкот жарыялашкан. (АU)

XS
SM
MD
LG