Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Насыя алгандар Назарбаев менен кездешүүнү талап кылышууда


Назарбаев үчүн добуш берүүгө үндөгөн плакаттар. Астана. 8-апрель 2015
Назарбаев үчүн добуш берүүгө үндөгөн плакаттар. Астана. 8-апрель 2015

Астана шаарына Казакстандын ар кайсы аймактарынан келген ондогон адамдар төрт күндөн бери президент Назарбаев менен жолугушууну талап кылышууда.

Алар төлөө акысы кескин көтөрүлүп кетти дешип, үй куруу үчүн алган насыясын төлөөгө өкмөт жардам берсин деген талапты коюшууда. Полиция 10-апрелде аларга азык-түлүк алып келаткан машиненин жолун бууп, өткөрбөй койду.

Казак акчасы теңге 2014-жылдын февралынан бери 20% арзандады. Бересеси барлар Нурсултан Назарбаевден насыяларды төлөө маселесин 26-апрелде болчу президенттик шайлоого чейин чечип берүүнү суранышууда.(АУ)

XS
SM
MD
LG