Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Кочкор-Атада мунай уурдагандарга кылмыш иши козголду


Кочкор-Ата шаарчасындагы Момбеков аймагындагы нефти өтүүчү негизги куурлардан жер алдынан кошумча түтүк улап, кара май уурдаган факты аныкталды.

Бул тууралуу Ноокен райондук ИИБнын тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Тилек Барбуев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, диаметри 32 сантиметр түтүк менен 350 метрдей жер алдынан бир нече жолу кара май уурдалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын бөлүм башчысы Медетбек Нарбаев кара майдан жоготуу болбогонун жана уурулук катталбаганын билдирди. Ишкананын жылдык отчетунда белгиленгендей, 2014-жылы мунай өндүрүү пландалган көрсөткүчтөн 3 миң тоннага аз аткарылган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG