Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Канада аскерлерин Украинага машыгууга жөнөтөт


Канада жакынкы айларда аскерлерин Украинага машыгууга жөнөтөт. Бул тууралуу өкмөттөгү булактарына таянган канадалык CTV каналы айтып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда Канада өкмөтү аскерлерин жөнөтүүгө кам уруп жатат. Алардын башкы максаты - машыгуу, тагыраак айтканда, аймактагы союздашы америкалыктар менен тыгыз кызматташат деп айтылууда.

Канада буга чейин Украинанын чыгышындагы кризиске тиешеси бар орус жарандарына санкция киргизген. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги эгер Орусия Украинанын эгемендигин урматтабаса, союздаштары менен Москвага карата экономкалык кысымдарды уланта берерин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG