Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Харьковдо советтик лидерлердин үч айкели кулатылды


Харьковдо 11-апрелдин түнүндө советтик доордун лидерлери болгон Серго Орджоникидзе, Яков Свердлов жана Николай Рудневдин монументтери бузулду. Айкелдерди түн ичинде белгисиз адамдар кыйратып жатканын алар жарыялаган видеотасмадан көрүүгө болот. Окуяга тартип сакчылары да күбө болушкан, бирок эч кандай тоскоолдук кылышкан эмес.

Харьковдун мэри Геннадий Кернес айкелдердин мыйзамсыз кулатылышын түшүндүрүп берүүнү милициядан талап кылды. Украинадагы "Оппозициялык блок" партиясы окуяны тыкыр териштирүү керектигин билдирди.

Украинанын Жогорку Радасы 9-апрелде коммунисттик жана нацисттик тоталитардык режимди пропагандалоого жана алардын символдорун жайылтууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Бул демилге өкмөт тарабынан сунушталган. Үч советтик лидердин айкелин жыккандар ушул мыйзамга таянганын билдиришүүдө.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG