Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Америкалык Time журналы Путинди жылдын таасирдүү адамы деп тапты


Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык Time журналынын “Жыл адамы – 2014” рейтингинде 1-орунду ээледи. Путинге журнал окурмандарынын 6,9% добуш берген.

2-орунду Түндүк Кореянын ырчысы CL алса, 3-орунду америкалык ырчы Леди Гага алган.

Апталык Time журналынын рейтингинде ат салышкандардын арасында АКШ президенти Барак Обама, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын жана Сирия президенти Башар Асад да бар болчу.

Журналдын окурмандары мындан сырткары, “Жыл адамы – 2014” наамына Facebook соцтармагынын түптөөчүсү Марка Цукерберди, Рим Папасы Францисканы жана пакистандык укук коргоочу Малала Юсуфзайды туура көрүшкөн. Добуш берүү Time журналынын сайтында жана социалдык түйүндөрдө жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG