Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Казакстан Тажикистанга гумжардам көрсөтөт


Казак өкмөтү Тажикстанга гуманитардык жардам иретинде азык-түлүк жана курулуш материалдарын жөнөтөт. Мындай токтомго казак өкмөт башчысы Карим Масимов кол койду. Жардам Тажикстандагы жаратылыш кырсыктарына байланыштуу жөнөтүлүүдө.

Тажикстанда апрелдин башында жер көчкү кеминде 10 кишинин өмүрүн алган. 3-апрелде Дүйшөмбүдөн 50 чакырымдай алыстагы Файзабад районундагы Якабеди кыштагында ондогон үйлөр көчкөн жердин астында калган. Февралдын башында да калың жааган кардан кийин аба ырайы капилет ысып, жумшарган кыртыш көчүп, бир нече адамды жалмап кеткен.

XS
SM
MD
LG