Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Хиллари Клинтон президенттикке ат салышат


АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.

Хиллари Клинтон 2016-жылы өтө турган шайлоодо президенттикке ат салыша турганын бүгүн жарыялайт. Ал бул тууралуу өзүнүн “Твиттердеги” баракчасы аркылуу маалымдайт деп айтылды.

Демократиялык партиядан президенттик шайлоого бара турган расмий талапкердин ысымы 2016-жылдын июль айында Филадельфияда өтө турган партиянын улуттук cъездинде жарыяланат.

Мурдараак АКШ президенти Барак Обама Клинтондун президенттике ат салышуу ниетин колдоп, ага бардык жактан көмөк көрсөтөрүн билдирген.

Нью-Йорк штатынын мурдагы сенатору Хиллари Клинтон 2008-жылы партия ичиндеги атаандашы Барак Обамага жол бошотуп берген. 2009-2013-жылдары Обаманын администрациясында АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматын аркалаган.

XS
SM
MD
LG