Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Нарында “кумсалыкка” шектелген молдо экспертиза жыйынтыктарын жарыялады


Кумсалыкка шектелип, жердештери тарабынан айылдан айдалган Кочкор районунун мурунку имамы Махмуд Адылжан уулу экспертиза жыйынтыктарын коомчулукка жарыялады. Медициналык экспертиза анын кумсалык менен алектенбегенин далилдеп чыкканын “Азаттыкка” билдирди.

Ал милицияга тосмо арыз жазып, өзүн айылдан кетүүгө мажбурлаган айылдаштарына козголгон кылмыш ишин жаптырды. Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы ишти жабуу боюнча токтом чыгарды.

Өткөн жылдын сентябрында Кочкор айылынын бир нече тургуну Махмуд Адылжан уулун кумса деп айыптап, айылдан көчүп кетишин талап кылган. Бул үчүн алар далилдүү видеолору бар экенин айтышкан. Милиция айыл тургундарына өзүмбилемдик кылганы үчүн кылмыш ишин козгогон. (SE)

XS
SM
MD
LG