Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Зомбулукка кабылган балдарга кайрымдуулук борбору түзүлөт


Бишкекте жарандык активисттер зомбулукка кабылган балдарды колдоо максатында кайрымдуулук борборун түзүү демилгесин көтөрүүдө. Борбордо үй-бүлөдө кодулоого кабылган жеткинчектер башпаанек таап, психологиялык жардам алышмакчы. Бул тууралуу “Балдар укугун коргоо лигасы ” уюмунунун төрайымы Назгүл Турдубекова билдирди. Өнөктүк алкагында балдарга карата кордук көрсөтүүнү азайтууга чакырган түрдүү иш-чараларды уюштуруу максат кылынууда.

Бүгүн укук коргоочулар тобу жана Аялдардын демократиялык тармагынын өкүлдөрү ушул темада маалымат жыйын куруп, кайрымдуулук борборунун пландары тууралуу кеңири айтып берет.

Кыргызстанда соңку кездери балдардын зомбулукка кабылган фактылары көбөйө баштады. Арасында чоңдор тарабынан зордуктоого тушуккандары да бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG