Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Ысык-Көлдө “Эскерүү каттамы” аттуу акция болот


Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коому активисттер менен бирге “Эскерүү каттамы” аттуу акция өткөрөт. Анын уюштуруучусу Марат Кутанов “Азаттыкка” билдиргендей, 13-апрель күнү атайын жасалгаланган автобуста 54 киши Бишкектен Ысык-Көлгө барат. Алар Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Ленинграддан келген жеткинчектерди тарбиялаган Ысык-Көлдөгү балдар үйлөрүнө белек-бечкектерди тапшырышат. Ошондой эле аймактагы согуш ардагерлерине концерт тартууланат.

Эки күндүк акцияга каржылык көмөктү Ысык-Көл облустук администрациясы, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги көрсөтүп жатат.

Ленинград 1941-жылдын сентябрь айынан тартып фронт-шаарга айланган. Блокада 1944-жылдын 27-январында cовет жоокерлери тарабынан талкаланган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG