Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Коалициялык көпчүлүк Кумтөр маселесин ушул жума карайт


Коалициялык көпчүлүк 17-апрелде Кумтөр маселесин талкуулайт. Анда улутташтыруу, үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү же өкмөттү кетирүү маселеси бир жаңсыл чечилиши мүмкүн.Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Коалициялык көпчүлүктөгү "Ата Мекен" жана "Ар намыс" фракциялары өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сүйлөшүү үчүн дагы бир ай убакыт берүүнү жакташууда.

Парламент 9-апрелде Кумтөр маселесин караган. Анда алтын кенин иштетүү боюнча өкмөттүн Канаданын "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүп, бир чечимге келе албаганы үчүн Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн сынга алып, аягында ишине “канааттандырарлык эмес” деген баа берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG