Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

"Кумтөр" боюнча кат жазгандар Oracle Capital Group компаниясын жетектейт


«Центерра Голд» боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кат жолдогон британиялык ишкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильям Oracle Capital Group компаниясын жетектешет. Мындай маалыматты “Азаттыкка” аталган компаниянын Москвадагы кеңсесинен тастыкташты. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Oracle Capital Group инвестициялык консалтинг, активдерди башкаруу боюнча кызмат көрсөтөт. Дүйнөнүн жети өлкөсүндө кеңсеси бар компания 2002-жылы түзүлгөн. Анда Мартин Грехэм башкармалыктын башчысы жана Байкоочу кеңештин төрагасы, ал эми Лорд Клэнвильям Байкоочу кеңештин мүчөсү. Мартин Грехэмдин Лондон экономикалык мектебин бүтүргөндүгү жана Лондон фондолук биржасында узак мезгил эмгектенгени көрсөтүлгөн. Ал эми Клэнвильям кеңсеси Лондондо жайгашкаш Eurasia Drilling Company мунай компаниясын жетектейт. Бул компания Орусияда мунай өндүрүү тармагында иш алпарат.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 30-мартта аталган эки адамдан кат келген. Алардын негизги максаты Кыргызстандын 33% акциясына “Центерранын” дагы 18% акциясын кошуп, 51% акцияга ээ болуу менен “Центерра Голддун” жетекчилигин алмаштырууну сунуштаган. Бул каттын негизинде премьер Оторбаев өз сунушун өткөн аптада парламенттин кароосуна алып чыккан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG