Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

АКШ орусиялык аскерий учактын жакындашына нааразылык билдирди


Пентагондун басма сөз катчысы Марк Райт билдиргендей, Кошмо Штаттар Балтика деңизинин үстүндө 7-апрелде болгон инцидент боюнча Орусияга нааразылыгын дипломатиялык каналдар аркылуу жолдоду.

АКШ тарап ошондой эле Орусия учкучунун кадамын “кооптуу жана кесипкөйсүздүк” деп атады. Орус расмий өкүлдөрү болсо алардын учкучу эч кандай туура эмес иш жасабаганын айтууда.

Пентагондун ырастоосунда, алардын RC -135U үлгүсүндөгү чалгынчы учагы Польшанын түндүк ыптасында, эл аралык аба мейкиндикте жүргөн кезде орусиялык СУ -27 учагы катуу ылдамдыкта келип, өтө кооптуу аралыкка чейин жакындаган.

Эл аралык аба мейкиндигиндеги инцидентке байланыштуу Вашингтон Москвага биринчи эле ирет нааразылык билдирип жаткан жок.

Былтыр апрелде да Орусиянын аскерий учагы Охот деңизинин үстүндөгү эл аралык аба мейкиндикте америкалык чалгынчы учакка жакындаган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG