Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Балдарды коргоо борборлорун ачуу сунушталды


“Балдарды коргоо лигасынын” башчысы Назгүл Турдубекованын бүгүн маалымат жыйында билдиргени боюнча, аталган борбор 18 айда зомбулукка туш болгон 16 балага укуктук жардам көрсөткөн. Жабыркагандардын жашы 1,5 жаштан 15 жашка чейинкилер. Он учур боюнча кылмышка айыптуулар 4 жылдан 20 жылга чейин кесилди. Булардан сырткары төртөөнүн мүлкү мамлекетке чегерилип, жабыркагандарга айып пул төлөп берген. Турдубекова жер-жерлерде балдарды коргоо борборлорун ачуу жана буга каражат табуу зарылдыгын белгиледи.

“Балдарды коргоо лигасынын” маалыматы боюнча, өткөн жылы балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 31 катталган. Анын 24ү сексуалдык мүнөздө болгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG