Линктер

дүйшөмбү, 20-февраль, 2017 Бишкек убактысы 08:10

Жээнбеков: тышкы карыз ИДПнын 60 пайызынан ашты


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн каржы-экономикалык абал боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Ал тышкы карыз ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпасын деген мыйзам кабыл алганын айтып, өкмөттүн экономикалык саясатын сынга алды.

-Өлкө системалык кризиске кабылды. Өкмөт чыгашаны азайтуу чараларын көргөн жок. Бизнести колдобой, кайра алардын түйшүгүн көбөйтүүдө, - деди Жээнбеков.

Ушул тапта Жогорку Кеӊеште Бюджет жана финансы комитетинин демилгеси менен өлкөнүн каржы-экономикалык жагдайы талкууланып жатат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG