Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Кыргызстан тышкы карыздын 33% Кытайдан алган


Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы бүгүнкү күндө 3 млрд. 437 млн. доллардан ашты. Анын 98% жеңилдетилген насыялар . Кыргызстан жалпы насыянын 33% Кытайдан алган. Андан кийинки орунда Дүйнөлүк банк – 20%, Азия өнүктүрүү банкы – 17%, Орусия – 9% турат.

Бирок жөнөкөй эле эсептер жана фактылар тышкы карыздын өлчөмү Каржы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн суммадан бир топ көп экенин аныктайт. 3 млрд. 437 млн. доллардын ичине Кытайдан Кыргызстанга өткөн жылдары түшкөн 1 млрд. 116 млн. доллар гана киргизилген. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын буга чейин билдиргени боюнча, келген жана келип жаткан Кытай насыяларынын өлчөмү 1 млрд. 800 млн. долларга жеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG