Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Канжар Кадыралиев үй камагына чыкты


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратурадагы ишенимдүү булактар билдирди.

Кадыралиевдин баш коргоо чарасын өткөн жума күнү Бишкек шаардык соту карап, үй камагына чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Мамлекеттик айыптоочулар шаардык соттун чечимин бузуу боюнча Жогорку сотко көзөмөл арыз менен кайрылды.

Канжар Кадыралиевди бир айга камакка алуу чечимин 28-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, кайтарууда болчу.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу өз эрки менен прокуратурага келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG