Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Талибдер Ооганстандын он сегиз жоокерин жок кылды


Ооган бийликтери маалымдашкандай, өлкөнүн түндүк-чыгышында өмүрү кыйылган он сегиз жоокердин кеминде сегизинин башы алынган.

Коргоо министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө Бадахшан провинциясындагы уруштарда “шейит кеткен, жаракат алган же дайынсыз жоголгон аскерлер саны кеминде отуз үчкө” жеткени айтылат.

Өткөн жума күнү Бадахшандын Жарм районунда талибандын согушкерлери армиянын бир нече бекеттерине кол салышкан болчу.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, чабуул жасалган аскерий бекеттерде алар аскерий жабдууларды уурдап, ал эми алып кете албаган унааларга өрт коюшкан. (UE)

XS
SM
MD
LG