Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Министрлер Украинадан куралдарды чыгарып кетүү боюнча макулдашты


Украиналык аскер. Луганск облусундагы көзөмөл-өткөрүү пункту. 12-апрель, 2015-жыл.
Украиналык аскер. Луганск облусундагы көзөмөл-өткөрүү пункту. 12-апрель, 2015-жыл.

Берлинде дүйшөмбүнүн кечинде башталган сүйлөшүүлөрдө немис, француз, орус жана украин тышкы иштер министрлери Украинанын чыгышынан куралдарды алып чыгып кетүүнү улантуу керек деп макулдашты. Алар ок атышууну токтотуу келишими кандай аткарылып жатканын талкуулоо үчүн чогулган. Министрлер тынчтык орнотуу максатында жумушчу топ түзүп, абалды көзөмөлгө алуу керек деген бүтүмгө келишти.

Жыйындан соң немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер журналисттерге “Биз оор куралдарды гана эмес, башка куралдарды да, анын арасында танктарды алып чыгып кетүү керектигин сүйлөштүк” деп айтты.

Мурдараак Штайнмайер Москва менен Киевди Минск келишимин аткарууда алга жылып, кийинки этапка киришүүгө чакырган. Ок атышууну токтотуу боюнча быйыл февралда Минскте жетишилген келишим Украинанын чыгышында урушту басаңдатты. Бирок ал утур-утур бузулуп жатканы да кабарланып келет. Былтыр жазда тутанган жаңжалдан бери алты миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG