Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Бишкекте өгөй кыздарын зордуктоого шектелген жаран сурак берүүдө


Балдарга карата зомбулукту токтотуу талабы менен Бишкекте өткөн акция. 20-январь, 2015-жыл.
Балдарга карата зомбулукту токтотуу талабы менен Бишкекте өткөн акция. 20-январь, 2015-жыл.

Борбор калаанын 43 жаштагы тургуну эки өгөй кызын зордуктоого шектелип убактылуу кармоочу жайга камалды. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдиргендей, шектүү жубайы иштер менен Таласка кеткен учурдан пайдаланып кыздарга зомбулук жасаган. Алардын бири 8, бири 12 жашта.

Милиция кыздардын апасынын арызынын негизинде кылмыш иш козгоду. Дарыгерлер кыздардан зордуктоонун белгилерин тапкан. Иликтөөнү Ленин райондук милициясы жүргүзүүдө.

“Балдарды коргоо лигасынын” маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанда 24 бала сексуалдык зомбулукка кабылган. Көпчүлүгү өз туугандарынан жапа чеккен. (SE)

XS
SM
MD
LG