Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-16-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертет. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачындын арбын жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. 17-18-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде айрым жерлерде 0…-2 градуска түшүп, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -2…-4 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Күтүлүп жаткан жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө коркунучтуу.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG