Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

“Күчтүү Кыргызстан”: Конституцияны эмес, аң-сезимди өзгөртүү керек


“Күчтүү Кыргызстан” саясий партиясы Конституцияны өзгөртүү демилгелерине байланыштуу билдирүү таратты. Анда азыркы Баш мыйзам коомдук-саясий абал оңой эмес болуп турган маалда жазылып, кабыл алынганы, ага жалпы шайлоочулардын 90% добуш бергени белгиленген. Ошондой эле Конституцияны ар бир келген бийлик өз ыңгайына жараша оңдоп-түзөтө берип, анын беделин түшүргөнү айтылат.

-Өлкөнүн фундаменталдык негизин тартипке салып турган Баш мыйзам, саясий күчтөр ортосундагы күрөшүүдө куралга айланды. Баш мыйзамды коомдук-саясий турмушту өзгөртүүгө башка жол калбай калган учурда жана объективдүү себептер болгон шартта гана өзгөртүүгө болот. Биздин учурда Конституцияны эмес, аң-сезимибизди, баалуулуктарга карата мамилебизди өзгөртүшүбүз керек, - деп жазылган партиянын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Конституцияны өзгөртүү демилгесин демократиялык принциптерди бузуу, референдумду пайдалануу менен бийликти бир колго топтоп, авторитардык салтка кайтуу катары сыпаттаган.

“Күчтүү Кыргызстан” саясий партиясы ушул жылдын февраль айында кайра каттодон өтүп, анын лидерлигине мурдагы баш прокурор Аида Салянова шайланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG