Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кылгандар кармалды


Баткен облусунун Таз-Тумшук аймагында кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен жүк алып келаткан Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Кармалгандар MAN үлгүсүндөгү автомашина менен Тажикстандан 6 тонна мандаринди аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылышкан. Алардын жүк алып өтүүгө документтери жок болгон. Жүктүн баасы 500 миң сом деп бааланууда. Ал эми кылмышка шектүүлөр күч кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG