Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

Мирослав Енча: Борбор Азия ИМге каршы күрөштө кызматташуусу керек


Мирослав Енча

Мирослав Енча

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын саясий иштер боюнча жардамчысы Мирослав Енча “Азаттыктын" кабарчысына бүгүн берген интервьюсунда билдирди. Дипломаттын айтымында, глобалдык жана регионалдык коопсуздукка халифат курууну көздөгөн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Ооганстандан террордук чабуул коюу мумкүнчүлүгү коркунуч туудурурат. Бул коркунучка каршы турууда региондогу мамлекеттер кызматташуусу зарыл. Ал эми социалдык-экономикалык абалга мунайдын баасынын арзандашы, Украина чатагына байланыштуу Орусия менен Батыштын санкциялар согушу таасирин тийгизерин кошумчалады. Мирослав Енча Кыргызстанда күзүндө боло турган парламенттик шайлоо ачык жана күмөн туудурбай тургандай шартта өтүш керектигин дагы белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG