Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:42

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге, ошондой эле Хакасиянын башчысы Виктор Зиминге өрттүн кесепетинен адамдар курман болгонуна жана олуттуу кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. “Кыргызстандын элинин жана өзүмдүн атыман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, ушул кырсыктын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Хакасия бүгүн өрттөн мерт кеткен 23 кишиге аза күтүүдө. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, ондогон шаар кыштактарда бир миңге жакын киши жарадар болду. Бир жарым миңдей турак жай өрттөнүп, кеминде 5 миң киши үйсүз калды. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар да бар. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG