Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Макенбаева: “Республика” фракциясы эң аз мыйзам жазган


"Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө жасаган мониторингдин жыйынтыгын чыгарды. Уюмдун координатору Диана Макенбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, соңку төрт жылда “Ар-намыс” фракциясы 590 мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал эми “Республика” фракциясындагылар демилгелеген мыйзамдардын саны – 202. Депутаттардын ичинен “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 70тен ашуун мыйзам долбоорун сунуштап, алдыга чыккан. Андан кийинки орундарда Дастан Бекешов - 62, Галина Скрипкина – 45, Курмантай Абдиев – 42 турат.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму Жогорку Кеңештин 2011-жылдын январь айынан 2014-жылдын декабрына чейинки ишмердүүлүгүн анализдеген. Байкоо жүргүзүү иштери негизинен парламенттин сайтындагы кабарлардын, билдирүүлөрдүн негизинде болгон. Депутаттардын өздөрүнөн маалымат алынган. (КЕ/SE)

XS
SM
MD
LG