Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Жапониядагы атомдук реакторлорду кайра иштетүү кечеңдеши мүмкүн


Жапония сотунун жаңы чечими Фукусима атомдук станциясынын кайра ишке киришин кечеңдетиши мүмкүн. Ишкана 2011-жылы жер титирөө жана цунамиден жабыркаган.

Өлкө батышындагы райондук сот энергетикалык компания Фукуи префектурасындагы Такахама атомдук станциясындагы эки реакторду кайра иштете албайт деген тыянакка келип, коопсуздук сертификатын четке какты.

Префектуранын жашоочулары катуу жер титиресе, анын арты чоң алааматка алып келиши ыктымал деген жүйөөлөрү менен сотко кайрылышкан.

Жапониядагы 43 атомдук станциянын реакторлору Фукусимадагы окуядан кийин ишин убактылуу токтотушкан. Эми ал мөөнөттү узартуу маселесин башка сот карамакчы.

XS
SM
MD
LG