Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Иран Орусиядан куралды жыл аягына чейин алууну көздөйт


Тегеран Орусия С-300 ракеталык-зениттик системаны быйыл берет деп ишенет. Бул тууралуу Ирандын Жогорку коопсуздук кеңешинин катчы орун басары Али Шамхани бүгүн Москвада билдирди. Кечээ Орусия президенти Владимир Путин Ислам жумуриятына жогорку тактыктагы ракеталарды сатууга беш жыл мурун киргизилген тыюуну алып салганын жарыялаган. Бул кадам Израиль менен АКШнын сынына кабылды.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев комплексти жөнөтүүгө даярдыктар жарым жылга созулушу мүмкүн деди.

Шамхани болсо санкциянын алынышы эки өлкөнүн алакаларын өнүктүрүүгө салым кошот деген оюн ортого салды.

XS
SM
MD
LG