Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

АКШ Кубаны терроризмди каржылаган өлкөлөр тизмесинен чыгарат


Барак Обама жана Раул Кастро. Панама, 11-апрель, 2015-жыл.

Барак Обама жана Раул Кастро. Панама, 11-апрель, 2015-жыл.

АКШ президенти Барак Обама Конгресске кайрылуу жолдоп, Кубаны америкалык тизме боюнча терроризмди колдогон мамлекеттердин катарынан чыгарууну суранды. Ак үйдөн кабарлашкандай, 14-апрелде жиберилген кайрылууда Куба өкмөтү соңку алты айда эл аралык терроризмге колдоо көрсөткөн эместиги айтылат. Ошондой эле президент Гавана мындан ары да терроризмди каржылабоого убада бергенин кошумчалаган.

Обаманын бул кайрылуусу Куба президенти Раул Кастро менен Америка мамлекеттеринин саммитинин алкагында Панамада жолуккандан бир нече күн өткөн соң жасалды. Белгилей кетели, эки мамлекет ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу 50 жылдан ашык убакыттан бери алгачкы ирет өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG