Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Дары-дармек тармагы онлайн көзөмөлдөнүшү мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн билдирди. Ал Кыргызстанда бул тармак толук көзөмөлдөнбөй калганын айтып, дары-дармектерди республикага киргенден тартып, сатылганга чейин көзөмөлдөөчү система түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жакында эле министр Талантбек Батыралиев ооруканалар менен төрөт үйлөрү дарыны беш эсе кымбат баада сатып алып жатканын айткан эле. Мунун кесепетинен мамлекет казынасы жылына миллиондогон сом зыян тартып жатканы белгиленген. Адистер дары-дармек тармагы көзөмөлдөнбөй жаткандыктан сапатсыз дарылар кирип, сатылып жатканын айтып келишет.

Дары соодасы эң кирешелүү бизнестердин катарында турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG