Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Жаш гимнасттар Польшадан байгелүү кайтышты


Алтын медалдын жеңүүчүсү, 11 жаштагы гимнаст Жамила Сыдыгалиева, Варшава, 12-апрель, 2015.

Алтын медалдын жеңүүчүсү, 11 жаштагы гимнаст Жамила Сыдыгалиева, Варшава, 12-апрель, 2015.

Кыргызстандын жаш гимнаст кыздары Польшада өткөн IRINA CUP 2015 деп аталган көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев Варшава шаарында 11-12-апрель күндөрү өткөн мелдешке 14 мамлекеттин өкүлдөрү катышканын "Азаттыкка" билдирди. Машыктыруучу Сауле Тлебалдинованын жетекчилигинде кыргызстандык жаш гимнасттар эки алтын, бир күмүш, бир коло байгеге ээ болушту. 11 жаштагы Жамила Сыдыгалиева алкак жана булава менен көнүгүүлөрдү аткарып, алтын медаль жеңди. 7 жаштагылар арасында көркөм көнүгүүлөрдү жасоодо Хадижа Муктарова алтын, Эрика Эрикова коло медаль тагынды. Алкак жана топ менен көнүгүүлөрдүн жыйынтыгында 10 жаштагы Дания Игликова күмүш байге алды. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG