Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

О. Панкратов: Кыргызстан ЕАЭБга белгиленген убакта кирет


Кыргызстандын өкмөт башчысынын кеңешчиси Олег Панкратовдун бүгүн "Азаттыкка" билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мурда белгиленген убакта кирет. Кыргыз бийлиги 9-майга карата биримдиктин толук кандуу мүчөсү болууну белгилеген. Бүгүнкү күнгө карай Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө жол ача турган кошумча эки протоколго кол коюла элек. Ал талкууланууда.

Бардык документтерге кол коюлуп, келишим биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттери тарабынан ратификацияланган учурда гана Кыргызстан жаңы биримдиктин толук кандуу мүчөсү болот. “8-майда Москвада саммитте президенттер чогулуп, чек араны ачуу чечими ошол жерде кабыл алынышы күтүлөт”, - деп кошумчалады Олег Панкратов.


Бир катар документтерге кол коюла электигине байланыштуу Кыргызстандын белгиленген мөөнөттө Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү шек жаратып жаткан.

XS
SM
MD
LG