Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Ирандын ядролук программасы боюнча келишим дүйнөнү коопсуз кылат


Бул жөнүндө АКШ Мамкатчысы Жон Керри 15-апрелде Чоң Жетинин тышкы иштер министрлеринин Германиянын Любек шаарындагы жыйыны алдында билдирди:

-" Албетте, Иран менен сүйлөшүүнү 2,5 ай ичинде аяктайлы деген эбегейсиз чоң милдет турат...Президент Обама келишим боюнча сүйлөшө аларына жана келишим дүйнөнү коопсуз кыларына биз ишенебиз."

Иран менен ядролук сүйлөшүүнү АКШ жана бакубат беш өлкө (Британия, Кытай, Орусия, Франция, Германия) жүргүзүүдө. 2-апрелде макулдашылган келишимдин негизине ылайык, Ирандын уранды байытуусу чектелет. Өз кезегинде БУУ, ЕБ жана АКШ Тегеранга каршы сакцияларды токтотушат. Тараптар корутунду келишимге 30-июнда кол койолу деп макулдашкан.

XS
SM
MD
LG