Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Ош: “Мурунку жетекчиге Жогорку Сот болушуп жатат” -деген жамаат Президентке кайрылды


“Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмесинин” жамааты мекеменин мурунку жетекчиси соттордун жардамы менен мекемеден кайра-кайра акча өндүрүп жатканы боюнча Президент Атамбаевге кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин кызматкерлери билдиришти.

Алар өз кайрылуусунда 2011-жылы мекеменин мурдагы жетекчиси Кубанычбек Турдубаевке жасалма документтер аркылуу 1,5 млн. сом уурдаган деген айып менен 3 кылмыш иши козголгонун, бирок жыйынтык чыкпай жатканын айтышат. Алар муну Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен Оштогу өндүрүштүк жылуулук мекемесинин мурунку жетекчиси Кубанычбек Турдубаевдин аталарынын достугу менен байланыштырышкан.

Ал эми, Кубанычбек Турдубаев өз дарегине айтылган доолорду четке кагып, азыркы жетекчиликтин ишин мыйзамсыз деп сындоодо. Ал муну Жогорку соттун 4 чечими, башка соттордун 21 чечими өзүнүн пайдасына чыкканы менен негиздөөдө.

Мекеме менен мурунку жетекчинин соттошуусу 4 жылдан бери уланып, 38 соттук отурум болгон. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG