15-апрелде Атырау шаардык соту “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна барып кошуулууну мерчемдеп жатканын ачык шардана кылган эки өспүрүмдүн ар бирин беш жылга эркинен ажыратты. Боз уландар сотто күнөөсүн моюнуна алышып, Жакынкы Чыгыштагы согушчандарга барып кошулуу ниети болгонун тастыкташты.
Айыптоочулардын билдиришинче, алар интернетке Сирия жана Ирактагы радикалчыл топту даңазалаган видеотасмаларды жайгаштырышкан.
Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризистик топтун эсебинче, акыркы үч жылда Борбор Азиядан 2 миңден 4 миңге чейин адам Сирияга аттанып кеткен.